Пятница, 26 апреля

“Барселона” Европадагы эң кирешелүү футбол клубу болду

0

Испаниялык “Барселона” Европадагы эң бир кирешелүү футбол клубдарынын рейтингинин чокусунан орун алды. Интерфакс жазгандай 2018-2019-жылдагы мезгилде “Барселона” 840,8 миллион евро иштеп тапкан, бул чыныгы рекорд болуп саналат. Ачыгын айтканда аталган футбол клубу бул рейтингге 23-жолу катышууда жана биринчи жолу алдыңкы орунду ээледи.

Андан кийин испаниялык “Реал” (757, 3 млн евро), англиялык “Манчестер Юнайтед” (711,5 млн евро), немец “Бавария” (660,1 млн евро) жана франциялык “Пари Сен-Жермен” (635,9 млн евро) менен бешилтикке киришти.

Рейтингге 20 –сегиз англиялык, төрт италиялык, үч испан, үч немец жана эки франциялык клуб катышкан. Алардын жалпы кирешеси 9,3 миллиард еврону түзгөн, бир жыл мурда 8,3 миллиард евро болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз