15-январда Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде 1944-жылы Сталиндик репрессияга кабылып, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көчүрүлгөн месхетиялык түрктөрдүн кыргыздар менен биргеликте жашагандыгынын 75 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы болду.
Бул иш чараны Түркиянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камил Фырат ачып, катышуучулардын баардыгына ыраазычылыгын билдирди. “Бүгүнкү биздин эскерүү иш чарабызга катышып жаткан баардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Себеби биз тарыхыбыздагы эч качан эстен кетпей турган каргашалуу тарыхты эскерүү үчүн чогулдук. Чындыгында мындан 75 жыл мурда месхетиялык түрктөр эне журтунан ата-журту болгон Ала-Тоо аймагына келишкен. Биздин бүгүнкү иш чарабызга катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, БУУнун, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлдөрү жана көптөгөн жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, ошол каргашалуу учурду баштан өткөргөн мекендештерибиз катышууда”,- деди элчи мырза.
Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын гимндери аткарылып, иш чаранын катышуучулары бир минута 1944-жылы Сталиндик репрециянын курмандыгы болгон месхетиялык түрктөрдү бир минута унчукпай эскеришти.
Кеченин кийинки бөлүгүндө месхетиялык түрктөрдүн репрессияланышына арналып тартылган документалдуу тасма көрсөтүлдү.
Тасмада баяндалгандай, 1944-жылы ноябрдын ортосунда Түркия менен Грузиянын чектеш аймагындагы Ахыска аймагында жашаган түрктөр алдын ала эч кандай эскертүү берилбестен, вагондорго салынып, Борбор Азия өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Жалпысынан 86 миң месхетиялык түрктөр ушундай зордук-зомбулук менен Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга көчүрүлгөн. Бирок сууктан жана ачкачылыктан алардын 17 миңи жолдо каза болушкан.
Кийинки сөз кезеги Кыргызстандагы месхетиялык түрктөрдүн коомунун жетекчиси Атамшах мырзага берилип, ал: “Биз Ала-Тоо аймагында 75 жылдан бери жашап жатабыз. Бизди ошол каргашалуу күндөрү кыргыз эли жакшы кабыл алышкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 40 миң месхетиялык түрктөр Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облусттарында жашап жатабыз”,- деди ал.
Жогрку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков өз сөзүндө бул иш чараны уюштургандыгы үчүн Түркиянын элчисине ыраазычылык билдирип: “Кыргыз элинде “Тарыхын билбеген элдин келечеги жок”,- деп айтылган сөз бар. Ошондуктан өткөн тарыхты эскерүү баардыгыбыздын милдетибиз болуп саналат”,- деди ал.
Месхетиялык түрктөрдү тосуп алган, ал кезде 13 жаштагы Жал айылынын тургуну Каратай Конушбаевдин айтуусунда, ар бир айылга ондон месхетиялык түрктөрдү кабыл алуу көрсөтмөсү берилген.
Иш чаранын соңунда месхетиялык түрктөрдүн Кыргызстанга көчүп келүүсүнө салым кошкон эмгеги үчүн Түркия элчилиги жергиликтүү райондук жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине Ыраазычылык дипломун тапшырса, өз кезегинде Месхет түрктөрү коому да Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерге жана жеке адамдарга Дипломдорду тапшырды.