Четверг, 19 сентября

ЖККУнун протоколу ратификацияланды

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 8-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протоколду жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койгон.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн протоколдор Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Экинчи протокол жана 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол армян тарап 2018-жылдын 9-апрелинен тартып Армения Республикасы парламенттик башкаруу формасына өткөндүгү тууралуу маалымдаганына байланыштуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгы тарабынан иштелип чыккан. Армения Республикасынын улуттук мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, Куралдуу Күчтөр Өкмөткө баш иет. Кечиктирилгис зарылчылык болгон учурда Куралдуу Күчтөрдү колдонуу жөнүндө чечимди Премьер-министр кабыл алат, ал Коопсуздук кеңешин жетектейт жана согуш убагында Армения Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Командачысы болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз