Мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу уюм Алеппо шаарында ок чыгарып жатышат. Маалымат боюнча 3 күндүн ичинде 28 жашоочу каза тапкан. Жаракат алгандар 56 адамга жеткен. Атышуу күнүгө болуп, көзөмөлдөн чыгып жатат. Алар Идлиб аймагына чейин барышууда. Жада калса Алеппонун борбордук көчөлөрүнө чейин келип жатышат.
“Бизге 18 адамды алып келишти. Үчөө каза болду. Бир нече адам амбулатордук жардам алышты. Жалпы баарында миналык жардыруу травмалары бар”- деди хирургиялык бөлүмдүн башчысы Манаф Шарбаджи.
Алеппо провинциясы деэскалацияланган Идлиб аймагына кирет. 9-январда Түрк тарап менен сүйлөшүү жүрүп аты аталаган аймактарда согуш иштери менен авиация токтотулган.
Сириядагы 4 аймакты деэскалациялоо 2017-жылы Астана (азыркы Нур-Султан) шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдө чечилген. Ага Россия, Иран жана Түркия катышкан. Алардын үчөөсү 2018-жылы Дамаск шаарынын көзөмөлүнө өткөн. Идлиб, Латакия провинциясына, Хама жана Алепподо жайгашкан төртүнчү зона республиканын өкмөтүнө тийиштүү эмес. Бирок анын чоң бөлүгүн “Джебхат ан-Нусра” террористтери басып алган.