Понедельник, 20 мая

Ливияда декларация кабыл алынды

0

Ливияны жөнгө салуу боюнча Берлинде болуп өткөн эл аралык конференциянын катышуучулары бардык тараптарды эркин, ар тараптуу жана адилеттүү шайлоо процессин аяктоого чакырды.
Катышуучулар борбордук жарандык бийликтин алдындагы Ливияны коопсуздандыруу үчүн бирдиктүү системанын түзүлүшүн колдошту. Буга байланыштуу Ливия полициясы жана аскердик күчү бир буйрукка баш ийүү зарылчылыгы келип чыгат.

Декларацияда ок атууну токтотуу режими киргенде конфликт чыгарган тарапка жана аларга колдоо көрсөткөндөргө аскердик ишмердүүлүгүн токтотуусуна чакыруу каралган.

Саммиттин катышуучулары Ливиянын элдешүүсүн көзөмөлгө алыш үчүн БУУнун техникалык комитети түзүлүшү керек экендигин айтышты. Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк уюмуна тараптардын ок атышуусуна көмөктөшүү сунушталды.

Коммюникке таянсак (эл аралык сүйлөшүүлөрдүн расмий билдирүүсү), БУУ Ливияны жөнгө салуу ишмердүүлүгү менен алектенген эл аралык көзөмөлдөө комитетин түзүлөт. Комитетке конференцияга катышкан тараптардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар кирет. Жолугушуулар ай сайын өткөрүлүп турат жана төрт жумушчу топ эксперттердин деңгээлинде иш алып барышат.

Жолугушуунун катышуучулары Ливияда бирдиктүү, ар тараптуу жана эффективдүү өкмөттүн түзүлүшүн каалашат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз