Воскресенье, 19 мая

Евробиримдик Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды

0

Евробиримдик Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды

ЕБ Орусияга экономикалык жактан чектөө киргизет. Бул тууралуу аталган союздун төрайымы Федерика Могерини билдирди.
Parstoday: Евробиримдик алдыдагы эки апта ичинде Керч кысыгындагы окуяларга байланыштуу Орусияга киргизилчү санкцияларын аныктайт.
Бул тууралуу биримдиктин эл аралык мамилелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Федерика Могерини билдирди.
Анын айтымында, мүчөлөр эки аптада кандай санкциялар кирерин белгилешет. Буга Керч кысыгында орус чек арасын бузуп кирди делген үч украиналык кемелердин жана аскерлердин Орусияда кармалып турушу да себеп болууда.
Адистердин айтымында, мурунку санкцияларга дагы бир нече жеке тараптар кошулушу мүмкүн.
Эске салсак, 2014-жылы Крымдын Орусияга өтүшүнө Кремлди айыптаган Евробиримдик бир катар орусиялык компаниялар менен жеке тараптарга санкцияларды киргизген. Алар алты ай сайын автоматтык түрдө жаңырып турат. Айрым мүчөлөр санкциялардан баш тартканы менен уюм жаңыларын кошууну көздөөдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз