Четверг, 19 сентября

Космостогу таштандылар жерге түшүшү мүмкүн

0

 

Самара университетинин окумуштуулары космостогу таштандыларды тазалоонун жолун табышты. Европалык космостук агенттигинен билдиргендей, таштандыларга иштебеген спутниктер, ракеталар кирет.

Жакынкы космос биздин планетанын экосистемасы. Андыктан азыртадан тазалабаса алдыңкы 10 жыл ичинде жер бетине түшүп, адам баласына терс таасирин тийгизиши толук мүмкүн. Мындан тышкары атмосфераны да өзгөртөт.

Эксперттердин айтымында эки таштанды (ракета, спутник) секундасына 10км менен кагылышса, анда ядер реакциясы жүрүп кетиши мүмкүн. Учурда окумуштуулар алардан арылуу жолдорунун үстүнөн иштеп жатышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз