Четверг, 19 сентября

Конституцияны өзгөртүүгө Памфилова чакырылды

0

Россия Федерациясынын Конституциясын өзгөртүү сунуштары боюнча иштеп баштаган группа БШКнын жетекчиси Элла Памфилованы чогуу иш алып баруусуна чакырышты.
Эске сала кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 1993-жылы кабыл алынган Конституция өзүнүн потенциалын жогото электигин, бирок өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айткан.
Ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирет:
• Россия конституциясынын эл аралык келишимдердеги артыкчылыктарын бекемдөө
• Чоң кызматтагы адамдар жана соттор башка өлкөнүн жарандыгын алуусуна тыюу салуу
• Президенттике талапкерлердин акыркы 25 жылда Россияда жашоосу жана башк мамлекеттин жарандыгын албаганын талап кылуу
• Президент болуп эки жолу катары менен шайланууга тыюу салган беренеден «катары менен» деген сөздү алып салуу
• Мамлекеттик бийлик органына жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигине кирген мамлекеттик бийлик органын түзүү
• Эмгекке акы төлөөнүн минималдуу өлчөмүн жана пенсияларды милдеттүү индексациялоону бекитүү ж.б

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз