Четверг, 19 сентября

Кыргызстан 6 тажик жаранын издейт. Эмнеге?

0

Кыргызстан чек арадагы акыркы окуяларга байланыштуу Тажикстандык 6 адамга издөө жарыялады.
Бул тууралуу КР ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Анын пикири боюнча Тажикстандын жарандары чек арадагы жаңжалда чагымчыл иштерди жасаган деп шектелип жатат.
“Биз аларга издөө жарыяладык. Алар чек ара аймагынын жашоочулары. Бул жөнүндө Тажикстандын дагы укук коргоо органдарына кабарладык”- деди Мирлан Каниметов.
Эске салсак, акыркы жолу жаңжал болгондон кийин Тажикстан укук коргоо органы иш козгогон. Учурда дагы иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстан тарап дагы чагымчыл иштерди жасаган деп 4 кыргыз жаранын кармаган. Экөө үй камагына кесилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз