Пятница, 22 ноября

Түркия парламентинин спикери отставкага кетти

0

Түркия парламентинин спикери отставкага кетти
Бинали Йылдырым 31-мартта боло турган Стамбул мэрлигине муниципиалдык шайлоого катышат.
Түркия Улуу улуттук жыйынынын (парламент) төрагасы Бинали Йылдырым ТУУЖнын Башкы катчысы Мехмет Али Кумбузоглуга отставкасын кабыл алууну суранды.
«Бүгүн мен Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы кызматын өткөрүп берем. Бул иш чарадан кийин мен жасай турган алгачкы кадамым – ТУУЖга отставкамды кабыл алууну суранам”,- деп билдирди мындан мурдараак Йылдырым бул уюмдун мурдагы төрагалары жана Түркия парламентинин 27-чакырылышынын депутаттары катышкан иш-чарада.
Анын айтуусунда, жаңы төраганы шайлоо 19-февралда Түркия убактысы боюнча саат 9:00дө болот. Йылдырым парламенттин жаңы төрагасы шайланганга чейин анын милдеттерин парламент депутаты Желал Аднан аткарып турарын билдирди.
Бинали Йылдырым парламент спикери кызматын анын талапкерлиги Стамбул мэрлигине коюлгандыгына байланыштуу тапшырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз