Пятница, 20 сентября

Кыргызстандыктар каза болду

0

Орусиянын Челябинск облусунда жол кырсыгы катталган. Кагылышкан эки унаа тең кыргызстандык машиналар болгону айтылат. Ичиндеги баардык жүргүнчүлөр набыт болушкан. Бул тууралуу орусиялык 74.ru жазды.

Маалыматка караганда, кырсык кече, 22-январда Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан.

Бир версияга ылайык, кырсыкка аба-ырайынын катаал шарты себеп болгон.

КамАЗды 33 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан, ал жабыркаган эмес. Ал эми каза болгон 5 эркек киши Кыргызстандын жарандары деп айтылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыкташты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз