Четверг, 19 сентября

Кыргызстан менен Тажикстан топографиялык жумушчулары жолугушат

0

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын топографиялык жумушчу топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрөт.

Бул максатта Тажикстандын делегациясы иш сапар менен Бишкекке келди.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн топографиялык топторуна 2020-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстан Республикасынын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз