Четверг, 19 сентября

Деклорация мыйзамына өзгөртүү киргизүү ордунан жылбай эле

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында: «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкканы айтылды. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат», — деп белгиледи.

Мамлекет башчысы Өкмөт чечимди кабыл алууну 1 жылдан ашык мөөнөткө создуктурганын белгиледи.

»Мамлекеттик органдар бул үчүн күнөөнү бири-бирине шылтап жатышат. Мыйзам долбоорун кабыл алуу өз ордунан жылбай турат. Мунун кесепетинен, Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечими аткарылган эмес. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуунун укуктук механизмдерин киргизүү кечеңдеп жатат. Натыйжада, мүлктү башка бирөөнүн атына каттоо мүмкүнчүлүгү жоюлган жок», — деди С. Жээнбеков.

Укук коргоо органдарын реформалоого багытталган чаралардын Комплексин ишке ашырууну аягына чыгаруу боюнча  Коопсуздук кеңештин чечими азыркы убакка чейин аткарылбагандыгын, ошондуктан Премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевичке Коопсуздук кеңешинин чечиминде белгиленген тапшырмаларды аткарбаган жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароону өтүндү.

Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарууну  координациялоо ишинин жоктугун, эч кароосуз калганын белгилеп, баарынын тең Коопсуздук кеңештин чечимдеринен келип чыккан ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүсү зарыл экендигин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз