Четверг, 19 сентября

С. Жээнбеков кимге ыңгайлуу шарт түзүүнү маанилүү деп эсептейт?

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында: «Негизги максатыбыз — мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарында жарандарыбызга максималдуу түрдө ыңгайлуу шартты түзүү», — деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн  санарип технологияларды киргизүү  зарыл  экенин белгиледи.

«Менин жарлыгым менен былтыр дагы, быйыл дагы өлкөнү санариптештирүү саясаты артыкчылыктуу багыт катары аныкталды.

Инновациялык методдорду, алдынкы маалыматтык технологияларды колдонууга негизделген, чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкын жана отчеттуу системасын тез калыптандыруу керек. Так ошондуктан, Коопсуздук кеңештин  санариптештирүү чөйрөсүндөгү чечимин ишке ашыруу — өтө маанилүү. Бул багытта Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жаңы жетекчи дайындалгандан бери бир катар ийгиликтүү иштер жасалды», — деп баса белгиледи Президент.

Ал азыркы учурда бардык мамлекеттик органдар «Түндүк» маалымат алмашуу системасына кошулганын белгиледи. Натыйжада 40 мамлекеттик орган жана 16 коммерциялык уюм ушул система аркылуу маалымат алмаша баштады. Бул бюрократияны кыскартып, жарандарыбыздын убактысын үнөмдөйт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан алдына амбициялуу максатты — региондогу өлкөлөр арасында санариптештирүү боюнча алдыңкы орунга чыгуу максатын койгонун өзгөчө баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз