Белгилүү ырчы Самара Каримова кечээ, 23-январда Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасына ээ болду.
Сыйлыкты Мамдуманын депутаты Белеков Иван Итулович Самара Каримовага расмий түрдө тапшырды.
Самара Каримова Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Өткөн жылы Орусиянын Кремлинде жеке концертин берген.