Бүгүн Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан улам бир аял жабыр тартты.Окуя Жибек жолу проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Бишкек шаарынын Кайгуул милициясынан билдиришти.
Аталган көчөлөрдүн кесилишинде «Тойота Марк 2» менен «БМВ» машина кагышып, “Тойотада” отурган жүргүнчү аял жабыркап, ооруканага жеткирилген.