Пятница, 20 сентября

Моcквада Мавлид кечеси болду

0

Кечээ, 26-январда Москвада кыргызстандык мигранттар үчүн Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган Мавлид кечеси болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-январда билдиришти.

Ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибарев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов жана Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов катышып, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушкан. Жолугушууда кызматташуу жаатында пикир алышып, мекендештерибизге үй-бүлө баалуулуктары, адеп-ахлак, адал ырыскы, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы, билим берүү жана балдардын тарбиясы туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин сүйлөшүшкөн. Муфтий элчиге ыраазычылыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз