Пятница, 20 сентября

Атактуу баскетболчу Коби Брайант каза болду

0

Америкалык баскетболчу  Коби Брайант 41 жашында каза болду. Маалыматка ылайык, Брайант Лос-Анжелес шаарынан алыс эмес жерде менчик тик учагы кулап каза болгон. Тик учакта Брайант менен чогуу дагы жети киши (ред. айрым маалымат булактарында төрт киши) бар болгон жана алардын бардыгы каза болгондугу айтылууда. Тик учактын эмне себептен кулаганы боюнча азырынча так маалымат жок. Каза болгондордун арасында Брайанттын 13 жаштагы Жианна аттуу кызы да бар болгон.

Коби Брайант баскетбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири болуп эсептелет. Баскетбол жылдызы өзүнүн карьерасында 20 жыл «Лос-Анджелес Лейкерс» клубунда ойноп келген. Ал беш жолу чемпиондук титулду жана АКШ курамасы менен эки жолу олимпиада чемпиону аталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз