Пятница, 20 сентября

КР Түркиядагы Элчиси ЖЧТ университетинин Ректору Мустафа Вершан Кѳк менен жолугушту

0

2020-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин (Orta Doğu Teknik Üniversitesi) Ректору Проф. д-р Мустафа Вершан Кѳк менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Тараптар “Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин’ Технокент илимий изилдѳѳ бизнес борбору менен Кыргызстандагы Жогорку Технопарктын ортосунда байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга келишти.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев “Жакынкы Чыгыш Техникалык Университети’ Түркиядагы эӊ алдыӊкы Жогорку окуу жай болгондугуна байланыштуу, инженердик технология жана экономика тармактарында билим алуу максатында кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү жана Кыргыз Республикасындагы техникалык Университеттердин бири менен достук жана кызматташтык мамиле түзүүнү сунуштады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз