Пятница, 20 сентября

Палестина бийлиги Трамптын «тынчтык» планына бойкот жарыялады

0

Палестина бийлиги араб жана ислам өлкөлөрүн 28-январда Вашингтондо боло турчу Жакынкы Чыгыш менен тынчтык планын жарыялоо иш-чарасына катышуудан баш тартуусуна чакырды.

Бул чакырыкты администрациянын пресс-катчысы палестиналык лидер Небил Абу Рудейне таштады.

“Иш-чарага катышуудан баш тартуусуна чакырабыз. Документтин чыныгы максаты палестина элинин укугун басмырлоо жана Чыгыш Иерусалимде борбор шаары менен Палестина мамлекетинин түзүлүшүн алдын алуу болуп саналат”- деди Рудейне.

Рудейненин айтымында, Вашингтондогу дипмиссиялардын бир катар башчылары Ак үйдүн администрациясын чакыруудан баш тартышкан.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Улуу Британиянын ТИМ Доминик Рааб менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө жакынкы чыгыштагы конфликтти жөнгө салууну “эки мамлекет эки улут үчүн” негизинде милдеттендирүүнү белгилеген.

“Биз эл аралык коомчулуктун чечими менен тынчтык орнотконго жана бул багыт боюнча сүйлөшүүлөргө даярбыз”-деди Аббас.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз