Пятница, 20 сентября

«Бандит» ыкчам-издөө иш-чарасы өттү

0

2020-жылдын 23-январдан 25-январга чейин Ош шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү максатында ИИМдин планына ылайык “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чарасы өттү. Бул туурасында ИИМ билдирди.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.

Жогорудагы чаралар уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын лидерлери же мүчөсү катары турган адамдарга алдын алуу иштерин жүргүзүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөндөрдү аныктооого багытталган. Ошондой эле ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүү фактыларын аныктоо, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө бөгөт коюу менен жол бербөө боюнча дагы иш-чаралар жүргүзүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз