Пятница, 20 сентября

Идлибге бомба түшүп 10 адам өлдү. Ким бомбалаган?

0

Бейшембиге караган түнү Орусия авиациясы Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Идлибдеги ооруканага жана нан бышырган (пекарный) жерге сокку урду.

Жергиликтүү булактарга таянсак, эл жашаган Эриха пуктунда 10 адам каза болуп, 37 жараат алган. Идлиб жарандарды коргоо күчүнүн берген маалыматында 4 адам ооруканадан каза болгон.

Учурда издөө иштери уланып жатат. Каза болгодордун саны көбөйүшү мумкүн.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 17-сентябрында Түркия менен Орусия президенттери Идлиб шаарынын чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүшкөн. Бирок Асаддын режими, чет өлкөлүк террористтик топтор, Орусия чабуулдары токтобой келет.

Сириядагы согуш 2011-жылдын март айында башталган. Анын себеби каршылыкка чыккандарга курал колдонулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз