Пятница, 20 сентября

Жугуштуу эмес оорулар тууралуу семинар болду

0

Кече, 30-январда, Чүй облусунун Москва районундагы Ден соолукту чындоо кабинеттеринин (ДЧК) адистери үчүн жугуштуу эмес оорулар боюнча семинар өткөрүлдү. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Семинар Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧБжМК) тарабынан уюштурулган семинардын башында, РДЧБжМК учурда өлкөдө талкууга алынып жаткан коронавирус темасына токтолушту. Жогоруда аталган борбордун адиси Бактыгүл Токторбаева Кытайдагы коронавирус боюнча кыскача маалымат берип, алдын алуу чаралары жана калк үчүн кандай кеңештерди берүү керек экендигин маалымдады.

Ошондой эле, Москва райондук Үй- бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Калима Буудайчиева курч мүнөздөгү респиратордук инфекциялар жана сасык тумоо оорулары боюнча айтып берди. Семинардан кийин уюштуруучулар Төлөк айылынын тургундары менен жолугушуп, семинарда айтылган коронавирус, КРВИ жана сасык тумоо оорулары тууралуу маалымат беришип, алдын алуу кеңештери менен бөлүштү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз