Пятница, 20 сентября

Бир Кыргызстандыкка 20дан ашык медициналык бет кап сатылбайт

0

Эми ар бир Кыргызстандык 20дан көп медициналык бет кап сатып ала албайт. Себеби Саламаттык сактоо министирлиги Кыргызстандагы фармкомпанияларга, дарыканаларга жана дарыкана пункттарына беткапты сатууда чектөөлөрдү киргизди.

Аталган министрлик бет кап баарына жетиши керектигин айткан.

«Беткапты Орусия, Казакстан жана Кытайдан алып келүү убактылуу токтотулганына байланыштуу, министрлик башка мамлекеттерден алып келүүнү кароодо. Учурда Түркия, Корея жана Индия мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз