Пятница, 20 сентября

Элчи А. Жекшенкулов ММТУ ректору менен жолукту

0

2020-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси А. Жекшенкуловдун Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университинин (ММТУ) ректору, техника илимдеринин доктору, профессор А.А.Александров менен жолугушуусу өттү. Бул маалыматты тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Александров аталган окуу жайда Кыргызстандык 38 студент билим алары тууралуу маалымат берип кетти. Ректор Кыргызстан менен Россиянын ортосунда математика сабагы боюнча айрым айырмачылыктардан улам квота менен ММТУга окууга тапшырган кыргызстандык студенттерде окуудан кыйынчылыктар бар экенин белгилеп кетти.

Андан ары тараптар келечекте кыргызстандык жаштардын Москва шаарында жалпы эле Орусияда техникалык багыттагы жогорку окуу жайларына тапшырууга даярдыкты камсыздоо үчүн келечекте Бишкек шаарында Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университинин мектебин ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандык жаштардын гуманитардык багыттагы билимин терендетүү, бул багытта жогорку окуу жайда билим алуусуна даярдоону камсыздай турган М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин Ош шаарында жана Бишкек В.Ломоносов атындагы мектеп ачуу маселеси иштелип жаткандыгын белгилөө менен, А. Жекшенкулов азыркы кезде техникалык багыттагы, иженердик адистерге даярдоочу адистерди жогорку окуу жайга чейинки даярдоодо өзгөчө муктаждык бар экендигин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз