Пятница, 20 сентября

«Тынчтык келишимине» каршы 12 палестиналык жабыркады

0

Израилдик аскерлер Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча «тынчтык планына» каршы акцияга чыккан 12 катышуучуну жарадар кылышты. Бул тууралуу Палестина Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, митингге чыккандар анклавдын чыгыш жагына чогулушкан. Коопсуздук күчтөр палестиналыктарга көздөн жаш агызуучу газ, согуштук жана резина окторун атышкан. Жабыр тарткандардын абалы жөнүндө азырынча маалымат бериле элек.

Эске салсак, АКШ Президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча «тынчтык келишимдин» өзгөчөлүктөрүн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен өткөн пресс-конференцияда айткан.

«Тынчтык келишим»

Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору кылууну жана Иорданиянын бир топ аймагын израилдин карамагына өткөрүүнү сунуштаган. Муну менен бирге Израиль менен Палестина биргеликте жакшы жерлерди  башкарат.

Мындан тышкары Трамп Чыгыш Иерусалимди палестинанын борбору кылып,  ошол аймакка Америка элчилигин курууну пландап жатат.

Палестина күзөтүлгөн мамлекет болот. Алар аба мейкиндигин жана чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттарын көзөмөлдөй албайт.

Палестинанын чыгыш аймагындагы батыш жээги жана газ сектору – туннель менен бириктирилиши керек.

Муну менен бирге Трамп палестиналыктардын талаптарына болгон үмүтүн, анын ичинде качкындардын өз жерине кайтуу укугун алып койду.

АКШнын Израилге болгон талаптары: Иорданиянын батыш жээгиндеги мыйзамсыз форпостторду бузуп, адам жашаган аймакка айлантуу, 4 жылга курулуш иштерин токтотуу жана Палестинаны көз карандысыз кылуу.

Экинчи тармагы – экономика. Ал өткөн жылда жарыяланган. Жалпысынан 50 миллиард долларлык 200 проект бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз