Пятница, 20 сентября

Улуу Британиянын желеги алынды

0

Улуу Британия Европалык Биримдиктен чыккандыгына байланыштуу 31-январда Европарламенттен желеги алынды. Башка европалык институттар дагы Бириккен падышачылыктын символикаларын ала башташты.

Еврокомиссиянын өкүлү Урсул фон дер Ляйен Европалык Биримдик Улуу Британия менен кызматташа берерин, бирок мурдагыдай бекем болборун белгиледи.

Дүйшөмбү күнү Европалык биримдик менен Улуу Британия соода келишими тууралуу сүйлөшүшөт.

Бул өткөөл мезгил ушул жылдын 31-декабрына чеейин уланат.

Эске салсак, Европалык Биримдик 1957-жылы экономикалык максатты көздөгөн бирдиктүү бажы зонасын түзүү жана өлкөлөрдүн ортосунда капиталдын эркин кыймылын уюштуруу үчүн түзүлгөн. Улуу Британия бул биримдикке 1973-жылы кирген.

Евробиримдиктен чыгуу 2016-жылда болгон референдумда каралган. Бирок Елизавета 2020-жылдын II 23-январында кол коюп, 31-январда расмий түрдө чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз