Пятница, 20 сентября

Коронавирус 259 адам өмүрүн алды

0

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 259 адамды түздү (1.02.2020). Ооруп жаткандар 12 000ге жакын. Бул тууралуу Кытай мамлекеттик Саламаттыкты сактоо агенттиги билдирди.

Өлкө боюнча оорунун эң көп катталган аймак Хубэй провинциясы жана борбору Ухань шаары. Андан кийин Чжэцзян, Гандун жана Хэнань аймактары турат.

Пекинде 139 адам катталса, Орусия менен чек аралаш Хэйлунцзян провинциясында 2 адам каза тапкан. Тибет автономдуу райондорунда дагы ооругандар бар.

Мындан тышкары башка өлкөлөргө да жайылып, жалпы дүйнө жүзүндө 100дөн ашык адам жабыр тартууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз