Пятница, 20 сентября

Депутат Т. Икрамов өзүнө «Билим берүү отличниги» төш белгисинин берилиши боюнча жооп кайтарды

0

Депутат Т. Икрамов өзүнө «Билим берүү отличниги» төш белгисинин берилиши боюнча жооп кайтарды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тазабек Икрамов Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өзүнө “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ыйгарылышына байланыштуу коомчулукта айтылып жаткан пикирлерге жооп кайтарды. Бүгүн Фейсбук социалдык тармагына жарыяланган постунда депутат буларга токтолгон:
“Урматтуу шайлоочулар!
Мага Кыргыз Республкасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген » Билим берүү отличниги » төш белгиси боюнча коомчулукта ар кандай пикир жаралды. Менин кесибим, алган билимим агартуу тармагында. 2004- жылдан бери мен агартуу тармагында эле эмгектенбестен жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, аларды колдоп келем. Мен тарабыман даярдалган жаштар республикалык жана эл аралык масштабда бир топ ийгиликтерди жаратты. 2015-жылдан бери депутаттык ишмердүүлүгүмдө негизинен мен көтөргөн маселелер билим берүү системасына тиешелүү. Үч жыл аралыгында курулган мектептер, ремонттон өткөн окуу жайларында кандайдыр бир деӊгээлде менин улушум бар экенин кесиптештерим, министрлик жакшы билет. Үч жыл аралыгында билим берүү системасындагы мыйзамдарды өзгөртүүдө жана толуктоодо менин аракеттериме баа берген Жогорку Кенештин билим берүү, социалдык саясат жана маданият комитетти атайын чечим чыгарып, комитеттин чечими менен гана ушул тош белгиге көргөзүшкөн. Башкача айтканда бул сунуш жана чечим меники эмес, комитеттики. Бул жерде эч кандай коомчулукту дүрбөлөнгө салчу маселе жок. Урматтым менен Жогорку Кенештин депутаты Тазабек Икрамов!
(Автордун жазганы өзгөртүүсүз берилди жана фотолор да аталган соцтармактан алынды).


KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз