Пятница, 20 сентября

Кыргыз-кытай чек арасы качан ачылат?

0

Кыргызстан менен Кытай чек арасы ачыла элек. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда «Торугарт» жана «Эркештам» чек ара бекеттери иштебей турат.

Эсиңиздерге сала кетсек, кыргыз-кытай чек арасы Кытайдын сунушу менен коңшу мамлекеттеги Жаңы жыл майрамына карата 24-январдан 31-январга чейин жабылган.Бирок, 31-январь күнү чек ара ачылыш керек болчу.

Мамлекеттик чек ара кызматы ким тараптан чек ара жабылып тургандыгы жөнүндө маалымат бере элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз