Пятница, 20 сентября

Волейбол боюнча «Спорт калысы» наамдары ыйгарылды

0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 6-1 токтому менен бекитилген «Спорттук калыстар жөнүндө» Регламенттин негизинде, волейбол боюнча «Улуттук категориядагы спорт боюнча калыс» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Наамдар төмөнкү калыстарга ыйгарылды:

  1. Сайаков Салайдин Пирмаматович – волейбол;
  2. Калыков Нурбек Абдыганович – волейбол;
  3. Бейшекеев Эрмек Муратбекович – волейбол;
  4. Аппасова Каныкей Аппасовна – волейбол;
  5. Убраимова Аселай Мыктыбековна – волейбол;
  6. Шабданбек кызы Кымбат – волейбол.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз