Пятница, 20 сентября

Эми орусиялыктар айда жашашат

0

“Роскосмос” мамлекеттик корпорациясы учкучтарды даярдаган филиалын аныктады. Ал жерде “Орел” космостук кораблы менен жер шарынын орбитасын жана айга бара турчу учкуч-экипаждарды даярдайт. Бул тууралуу корпорациядан “Риа новостиге” билдиришкен.

Бирок кайсы жерде окутуу, даярдоо болору азырынча айтыла элек. Ал эми учуу иштери 2025-жылы башталат. Ушул жылы жасалган “Орел” кораблынын бортунда “Ангара-А5П” ракеталары болушу керек.

Ал эми 2029-жылы “Орел” кораблынын экипажы менен өздөрү жасаган “Енисей” ракетасын айга учуруу, 2030-жылы анын үстүнө кондуруу пландалып жатат.

Жалпы 12 учкучту 100 адис даярдоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз