Пятница, 20 сентября

Эртең менен кыжырыңыз келсе муну окуңуз

0

Австралиялык окумуштуулар адамдар жай музыка менен (будильник) тезирек ойгонорун жана өздөрүн сергек сезерин далилдешти. Бул изилдөө Plos One журналына чыккан.

Окумуштуулар 50 адамга эксперимент жасап көрүшкөн. Катышуучулар атайы жасалган онлайн-суражылоонун ар кандай үндөрүнүн жардамы менен өзүнүн уйкудан ойгонуусун, сергектигин сезишкен.

Байкоо көрсөткөндөй, адамдар катуу жана узакка созулган үндөн кыжыры келип, жаман сезимдерге дуушар болушкан. Кимдин ойготуучу аппаратынан жай музыка чыкса, ошол адамдын уйкусу тез канып, абалы туруктуу болгон.

“Биз катуу үн же музыка адамды тез ойготот деп ойлогонбуз. Мындай жыйынтык болорун күткөн эмеспиз”- деди Стюарт Макфарлейн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз