Пятница, 20 сентября

АКШнын Түркияга көңүл айтканы шек жаратууда

0

АКШ бийлиги Түркиянын аскер кызматкерлери Идлибде каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. АКШ мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Морган Ортагус “Анадолунун” корреспондентине Вашингтон Башар Асаддын, Орусиянын, Ирандын жана “Хезболла” аскерлеринин Идлибге кылып жаткан жоопкерчиликсиз, ырайымсыз соккулары үчүн айыптарын билдирди.

“АКШ Башар Асаддын интеграциясына жол бербөө үчүн колдон келген бардык иштерди жасайбыз”- деди расмий өкүл Морган Ортагус.

Эскерте кетсек, 2011-жылдын июнь айында Сириялыктар өкмөткө каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Алар алгач борбор шаары Дамаскта уюштурса, кийин өлкө боюнча көтөрүлгөн. Кагылышууда ок атылып, бир топ адам каза болгон. Бул согуш “араб жазы” деп аталып, азыркы кезге чейин уланып келе жатат.

Сириялыктарга каршы Башар Асаддын армиясы, Орусия жана “Хезболла” кыймылы дагы курал колдонуп жатат.

Аталган согуштан качкан Сириялыктарга түрк өкмөтү жардам берүүдө. Жакында эле чек аралаш аймакка 200 үй салып берген. Тынчтыкты орнотуу үчүн Сирияга пункттарды орноткон. Ошол аймакка барган 8 түрк аскерин Башар Асаддын армиясы өлтүргөн.

БУУнун билдирүүсүнө таянсак, 220 000 адам каз болгон. Орусия тышкы иштер министри 4,6 миллион Сириялык качкын бар экенин, 7,6 миллион өлкө ичиндеги миграция болгонун кабарлаган. 13,5 миллион адам жардамга муктаж.   

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз