Пятница, 20 сентября

Коронавирус Кыргызстанга жеттиби?

0

Кечээ, 5-февраль күнү саат 17:00до Тажикстан менен чек аралаш “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын Кара-Суу районунун эки тургунунун (1992-ж туулган К. Уулу Э., 1983-ж туулган Э.С) дене табы 37,3 градус экендиги байкалган.

Көзөмөл-өткөрүү пунктундагылар дароо облустук тез жардам кызматын чакырган. Эки тургунду Баткен областтык ооруканага алып кетишип, санитардык-эпидемологиялык кароодон өткөргөндөн кийин коронавирус болушу мүмкүн деген шек менен өзүнчө жаткырышкан.

Текшерүүдө алар 14-январда Кытайдын Улугчат айылында болгондору аныкталды. Ал эми 21-январда Ош, Баткен облустары аркылуу Тажикстанга барышканы аныкталган. 5-февраль күнү кайтып келишкенде чек арадагы тепловизор жогорку температураны көрсөткөн.

Бүгүн, 6-февралда Саламаттыкты сактоо министлиги коронавирус катталбаганын кабарлады.

“Алар Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери андан ары текшерүүгө алып кетишкен. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Вирусологиялык изилдөөгө анализдери алынды. Андан ары байкоо анализдердин жыйынтыгына жараша болот” деп билдирди министрлик.

Улугчат- Кытайдагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кызыл-Кыргыз автономдуу округунун уезди.

Эске салсак, коронавирустун айынан Кытайда 560 адам көз жумуп, 30 000ден ашык адам жабыркоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз