Пятница, 20 сентября

Дональд Трамптын доору бүтөбү?

0

АКШ Конгресинин Сенаты өлкө Президенти Дональд Трампка болгон импичментти (кызматтан кетирүүнү) колдогон жок.

«Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча акталып, андан бардык айыптоолор алынды.

Биринчи берене боюнча 53 сенатор күнөөлүү эмес десе, 47 сенатор күнөөлүү деп тапкан. Ал эми экинчи берене боюнча президентти 52си тоскоолдук кылган эмес деп эсептесе, 48 сенат айыптоону колдоду. Трампты кызматтан кетирүү үчүн демократтар добуштардын үчтөн экисин же 100 сенатордун 67синин колдоосун алышы керек болчу. Колдогондордун көпчүлүгү Демократиялык партиянын өкүлдөрү.

АКШ Сенатындагы башкаруучулардын көпчүлүгү Республика партиясынын мүчөлөрү. Алар импичмент боюнча күбөлөрдү чакырууну токтотуп салышкан.

Эсиңиздерге салсак, Дональд Трампка карата импичментти палатаны көзөмөлдөө демократтары көтөрүшкөн. Анын себеби өткөн жылдын июль айында Трамптын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү болгон.
Демократтардын ою боюнча Трамп келе жаткан шайлоодогу атаандашынын баласы Джо Байден Хантерди иликтөөнү талап кылган. Эгерде талабы аткарылса Киевге аскердик жардам бермек.
Ал эми Джо Байден Хантер 2014- 2019-жылдар аралыгында Burisma украиналык мамлекеттик нефтегаз компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турган. АКШ Президентинин айтымында ал коррупцияга тишеси бар.

Көпчүлүк Дональд Трампты күнөөсүз деп тапкандыктан импичмент процесси токтоду жана ал АКШнын Президенти бойдон калды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз