Пятница, 20 сентября

Чет элдик медиа Кыргызстандагы исламга кызыкты

0

Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинен келген массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Делегациянын курамында Катардын алдыңкы медиа каражаттары анын ичинде “Сафари Алкхаур” телекөрсөтүүсүнө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев тартылып, кызыктуу маек куруп берди.

Маектешүү учурунда ал өлкөбүздөгү диний кырдаал, Катар мамлекети менен болгон алакасы, Ислам дининин асыл баалуулуктары, жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып, журналисттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз