Пятница, 20 сентября

Коронавирустан чыккан кезектеги көйгөй

0

Памперс кийип, чачтарын алдырып коронавирус менен күрөшүп жаткан кытайлык дарыгерлердин эми бетине так түшүп, ириңдеп кетти. Себеби алар дайыма коргоочу атайын бет каптарды тагынышат. Өздөрүнө илдетти жуктуруп албаш үчүн оор кийимдерди, көз айнек тагынып алган.

Дүйнөгө кучагын жайып бара жаткан коронавирустан сактануу үчүн бет каптарды тагынуу сунушталган. Бирок учурда бет кап дүйнө жүзү боюнча тартыш болууда. Кытайдын өзүндө жок калгандыктан башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан дагы экспорттолуп жатат. Буга байланыштуу баасы да жогорулады, Кытайдагы бир бет кап кыргыз сому менен 90 сомду түзөт. Ал эми Кыргызстандын дарыканаларында 20 сомго чейин жетти.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оруу катталган жерлерге бет кап, кол кап жана керектелүүчү медициналык каражаттарды жиберүүдө.

“Бет каптарды жиберип жатабыз, бирок дагы деле жетишсиз. Дени сак адамдар дагы тагынып жүрүшөт. Өлкөсүндө вирус катталбаган аймактын жашоочуларын бет капты тагынбай эле коюуга чакырабыз. Себеби башка өлкөлөргө жетпей калууда”- деп CNN сайтына аталган уюмдан билдиришкен.

Коронавирустун чыкканына толук 2 ай боло электе эле 720 адам көз жумду. 35 000 адам вирус менен күрөшүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, коронавирус Кытайдын Ухань шаарында башталган. Учурда 30га жакын өлкөдө катталды. Вирус аба тамчылары аркылуу жугат. Алгачкы белгилери дене таптын көтөрүлүүсү жана жөтөл.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз