Пятница, 20 сентября

Казакстанда улут аралык уруш орун алды (видео)

0

7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында казак-дунган улуттарынын ортосунда массалык мушташ орун алып, мушташ ок атышуу менен коштолгон.
Бул окуяда каза болгондордун саны 8 адамга жеткени кабарланууда. Жаалданган адамдар турак жайларга өрт коюп жыйынтыгында 30 үй, 15 соода жайлары, 23 автоунаа талкалаган.
Өлкө жетекчилиги күнөөлүүлөрдү аныктоо, кырдаалды жөнгө салуу, каза тапкандарды жерге берүү зыйнатын уюштуруу, материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасын берди. Учурда абал күч кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Бул окуядан кийин кыргыз-казак чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз