Пятница, 20 сентября

Транспорт министрлиги коррупциянын мураскерлериби?

0

Кече, 2020-жылдын 7-февралында Транспорт жана жол министринин орун басары “Н.Ж” менен жол, суу, транспорт жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттигинин директору “Б.А” 10 000 доллар пара менен кармалды. Аларды КР УКМК ККК кызматкерлери кармаган.

Транспорт жана жол министринин орун басары УКМКнын коррупцияга каршы кызматкерине аталган министрликтин алдындагы автомобилдик, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо мамлекеттик агенттигинин фигуранттары катары катталган адамдардын кылмыш иштерин сотко жеткирбей бүтүрүүсү үчүн акча сунуштаган.

Ошол эле күнү, автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүмү (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул министрликтин коррупцияга байланышкан кылмыш иши биринчи эмес. Буга чейинки министрдин орун басары дагы 2018-жылдын 5-декабрында  жол курулуш жана калыбына келтирүү ишинин тендерин кайсы бир проектиге чечип бере коем деп УКМК тарабынан кармалган. Ал кызматы үчүн 570 000 доллар талап кылган дагы 120 000$ мурда тууганы аркылуу алып койгон. Кийин 50 000 долларын алып жатканда кармалып калган.

Кылган иши оңунан чыкпаган Азимхан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-санкцияда жаза өтөө мөөнөтү 2 жылга кыскартылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз