Суббота, 21 сентября

Казак-дунган урушу атайын уюштурулганбы?

0

2020-жылдын 7-февралында Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү дунган улутундагы тургундар менен казак тараптын ортосунда массалык мушташ болгон. Жаңжалда ок атылып, өрт орун алды. Анын кесепетинен 11 адам каза болсо, 30 үй, 15 соода имараты жана 23 машина жабыркаган.

Улут аралык мушташты токтотуу үчүң полиция кызматкерлери келген. Ошол күнү Жамбыл облусунун Сортөбе айылында эки жаран автоунаасы менен полициядан качып барып өз үйүнүн алдынан колго түшкөн. Алар погончондорго баш ийбей, окуя болгон жерге алардын жакындары чогулуп тартип сакчыларына кол көтөрүп, кызматтык автоунаасына таш ыргыткан. Коомдук тартипти бузган эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата тергөө иштери башталды.

 

Коомдук тартипти жөнгө салуу максатында айылга кошумча күчтөр тартылган. Бирок чыр-чатакка катышкандар укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, баш ийген эмес. Алар колуна темир, таш алып, ок атуучу курал колдонгон.

Аталган айыл Кыргызстанга чек аралаш болгондуктан «Кең-Булуң» жана «Токмок» көзөмөл-өткөрүү жайынан казак жарандары кыргыз тарапка качкан. Дунган диоспорасы Кыргызстандан жардам сураган. Качып келген элди кыргыздар тамактандырып, айкөлдүк кылды. Алардын ичинен оор абалда Кыргызстандын ооруканасына кайрылгандардын саны отуздан ашат.

9-февралда Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин вице-министри Камалжан Надыров келип, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен бирге казак жарандары жаткан ооруканага барган. Кыргыз дарыгерлери 34 адамды кабыл алып, алардын жыйырма биринин абалы туруктуу болгонун кабарлашкан, ал эми 13 адам стационардык жардам көрсөтүлгөн. Вице-министр жабыркагандарды мындан ары дарылоо үчүн Алмата шаарына алып кеткен. Бирок 5 казак жараны Ивановка оруканасында дарыгерлердин жана психологдордун көзөмөлүндө жатат.

Казакстандын Кордай районундагы башаламандыкты иликтөө жана анын кесепетин жоюу боюнча өкмөт башчынын орун басары Бердибек Сапарбаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлүп, абал жөнгө салынды.

Өкмөттүк комиссия Жамбыл облусунун акими менен биргеликте каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруп, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктап, жабыркагандардын мүлкүн калыбына келтирүү боюнча план түзүүдө. Каза болгон жана жаракат алгандардын жакындарына жардам берилет. Ага Казакстандын элдер ассамблеясы, жериндеги кадыр-барктуу адамдар тартылган. Генералдык прокуратура Кордай районундагы окуяны иликтеп чыгат.

“Улуттук коопсуздук комитети жана Генералдык прокуратура менен тергөө иштерин жүргүзүп, улут аралык кастыкты тутанткан, чагымчыл жана туура эмес маалыматтарды тараткандарды жоопкерчиликке тартуубуз керек” – деди Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуяны ырбатууга тиешеси бар адамдарга чоң суммадагы айып пул салынат же жоопкерчиликке тартылат. Учурда кырдаал полиция жана Улуттук Гвардиянын көзөмөлүндө турат.

Окуянын  башталыш себеби ар кандай айтылууда.  Бир маалымат боюнча дунган улутундагы адам полицияга баш ийбей качып, туугандары менен биргеликте кызматкерге кол салган. Ортодо провокаторлор видеого тартып, казактарды дунгандарга каршы үгүттөгөн. Экинчи варианты, дунгандар казак ак сакалын сабаган (айрым маалыматтарда түртүп жиберген). Казак тарап дунгандар жашаган үйлөрдүн терезелерин сындырып, өрт коюшкан. Уйлөрдүн бириндеги пиротехникалык зат жарылганда айрым адамдар дунгандар ок атып жатат деген видео таратышкан. Ошондон кийин массалык мушташ башталган. Бирок жогорудагы окуялар чын эле чырдын башы экендиги тууралуу азырынча расмий маалымат жок.

“Басе” казак ютуб каналы бул мушташка улуттук коопсуздук комитетинин жана ички иштер министрлигинин тиешеси бар деп жатат. Алардын пикиринде Назарбаевдин тууганы, улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Самат Абиш жана бизнесмен Кайрат Сатыбалды өзүнүн авторитетин көтөрүү үчүн бул ишти кылган.  Ютуб канал окуяны 1999-жылы Дагестандагы контртеррордук жаңжал менен салыштырды. Анда калк массалык башаламандык менен коштолгон окуяны басуу үчүн бир адам керек деп турганда, ошол учурдагы РФ Президенти Б.Ельцин В.Путинди дайыма жанында алып жүрүп, ал жаңжалды баскандай көрүнгөн жана даражасы көтөрүлгөн. Ошондон кийин эле Ельцин Путинге президенттикти өткөрүп берген. “Басе” Самат Абишти Путинге салыштырды. Себеби Казакстандагы окуяны дагы УКК жөнгө салган.

“Биз УКК менен ИИМде эмне болуп жатканын билбейбиз. Кайсы бир орундарга жаңы адамдар келип жаткан болушу мүмкүн. Мындай учурда Путин спецназдарды колдонсо, УКК жөнөкөй адамдарды колдонду. Кызыгы ак сакал 5-февралда сабалган болсо, УКК жана ИИМ эч кандай иликтөө жүргүзгөн эмес. Азыркыга чейин сабалган адамдын аты-жөнү жана кимдер сабаганы тактала элек. УКК 7-февралда  дунган полицияга кол көтөргөндөн кийин гана үн каткан”- деген ютуб канал.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз