Суббота, 21 сентября

Кыргыз спортунун ийгиликтери

0

Кыргызстандык Али Айтматов Түштүк Кореяда болуп өткөн армрестлинг боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу  аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти.

Ал Кореянын Пусан шаарында өткөн. Али Айтматов он колу менен алтынды жеңип алса, сол колу менен күмүш медалга ээ болгон.

Ал эми спорттун таэквондо түрү боюнча күч сынашууга Алматы шаарына кеткен спортчуларыбыз дагы жеңишке жетишти.

Мелдешке Казакстандан жана Кыргызстандан 600 спортчу катышкан. Медаль үчүн өспүрүмдөр жана кадеттер эки категорияда (башталгыч жана улантуучу) күч сынашты. Кыргызстандан барган 15 спортчуга Азимжан Тажибаев жана Дмитрий Ли тренерлик кылган.

Богдан Пягай, Сахиба Софиева, Алишер Рыспаев, Олжобай Садыров жана Ризат Акбаров чемпион аталышты . Раиль Кутанов, Элнур Ерешеев жана Илья Килкюс күмүш медалды багындырышкан. Ал эми коло медалга Назар Дженишбеков, Даниель Шаршеев, Актан Жунушов, Нурхан Самидинов жана Майсалбек Мамажусупов ээ болгон.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз