Суббота, 21 сентября

АКШ-Орусия: коргонуубу же коркутуубу?

0

АКШ 2021-жылкы бюджетинен Орусияга каршы иштер үчүн 700 миллион доллар бөлүүнү карап жатат. Анын 24 миллион доллары орусиялык пропаганда жана жалган маалымат таратуусуна каршы иштетилет. Бул документ Ак үйдүн сайтына жайгаштырылган.

“Орусиялык таасирге каршы туруу АКШ тарапташтарынын колдоосу. Бюджеттин 0,7 миллиарды бөлүнөрү каралып жатат. Бул каражат Европага жардам берүүгө, Евразия жана Борбор Азиянын коопсуздугуна, жалпы эле АКШ менен биргелешкен өлкөлөрдүн территориялдык бүтүндүгүн камсыздоо үчүн жумшалат”- деп жазылат документте.

Ал эми 24 миллион доллар Global Engagement Center аталышындагы орусиялык пропаганда жана дезинформацияга каршы ишке жумшалары документке кошумчаланган.

Бюджет боюнча сунушта администрациянын көз карашы маанилүү, алар бир пикирге келмейинче закон болушу күмөн. АКШ конгресси бюджетти өз алдынча кабыл алат. Мурдагы конгресс Трамптын сунушу менен макул болгон эмес. Азыркы учурда АКШнын бюджети финансылык жылдын акырына чейин каржыланган. Конгресстеги партия сентябрдан баштап убактылуу бюджетти кабыл алышы мүмкүн. Ал эми ноябрдагы конгресстеги шайлоодо жана президенттик шайлоодо жаңы бюджеттик сүйлөшүүлөр жүрөт.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматына таянсак, Америка Орусия менен Кытайдан коопсузданып жатат. Трамптын администрациясы 2020-жылы террористтер, трансулуттук кылмышкерлер менен кагылышуу маселелери болушу мүмкүн экендигин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз