Воскресенье, 19 мая

5G интернет эрасы келди

0

Түштүк Кореялык Samsung корпорациясы “Galaxy S20 5G» жаңы смартфонун тартуулады. Пресс-конференциясы Сан-Францискодогу компанияда болгон.

Samsung өкүлдөрү смартфондун 3 башка түрүн көрсөтүштү: стандарттуу Galaxy S20 5G, экраны чоңойтулган Galaxy S20 Plus 5G жана эң чоң, күчтүү Galaxy S20 Ultra 5G. Бардыгы 5G интернетинде иштейт.

Galaxy S20 биринчи смартфонунун диогналы 6,2 дюйм, экинчи S20 Plus — 6,7 дюйм, ал эми үчүнчү S20 Ultra- 6,9 дюйм. Экрандары 120 Гц жыштыгын көтөрө алат.

3 түрдүү смартфон Qualcomm Snapdragon 865 процессору менен иштейт жана 12 ГБ. Өзүнө батыруу сыйымдуулугу 128ден 256 ГБ чейин жетет.

Алдын ала буйрутма 21-февраль күнү АКШда болушу мүмкүн. Ал эми жалпы элге 6-мартта чыгат. Аталган смартфондордун эң жөнөкөйү 999 АКШ доллар турат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз