Среда, 24 апреля

Эртең кар жаайт

0

Эртең, 13-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ысык-Көл облусунун чыгышында бурганак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, тоолуу райондордо жана Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…-8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,

Талас аймагында түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7° болот.

Борборубуз Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…2°

Мезгил-мезгили менен кар жаап, түндө туман түшөт. Андыктан айдоочуларды сак болууга чакырабыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз