Пятница, 19 апреля

Орусияда Путинге ишеним төмөндөдү

0

Орусия жарандарынын Владимир Путинге болгон ишеними төмөндөп баратат. Бул тууралуу “Левада-Центр” мамлекеттик изилдөө уюмунун эксперттери кабарлашты.

Январь айында жарандардын кайсы саясатчыга ишенерин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүлгөн. Алардын 35% президент В.Путинди атаган. Ал эми өткөн жылдын сентябрында бул көрсөткүч 39%га көтөрүлгөн. 2017-жылдын Ноябрь айында азыркыга караганда көп болуп 59%ды түзгөн.

“Леваданын” билдирүүсүндө, ишеним мурдатан бери төмөндөп келе жаткан. “Экономикалык абалга жана айлык акынын аздыгына нааразы болгондордун саны көбөйүүдө”-деди борбордун эксперттери.
Ошол эле учурда орусиялык бир дагы саясатчы мындай көрсөткүчкө жете элек. Экинчи орунда коопсуздук министри Сергей Шойгу турат (19%). Эч кимге ишенбеген орусиялыктар 22%ды түзөт.

Владимир Путиндин өлкө башчы болуп калуусу талашсыз. Себеби өткөн жарым жылдыкты 70%га жеткен. “Леваданын” эксперттерине таянсак, бул көрсөткүч орусия башчыларынын ички саясатка болгон ишенимин чагылдырганда, жарандардын ишеними тышкы саясатка болгон мамилесин билдирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз