Пятница, 17 мая

Өкмөттүн абалы: өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат

0

Өкмөт экономиканы өстүрүү, жумушчу орундарды түзүү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районуна кытайлык инвесторлордун көмөгү менен индустриялык-соода-логистикалык комплексин курганы турат. Долбоордун сметалык баасы 280 миллион АКШ долларын түзөт. Логистикалык борборду курууга “Нарын” эркин экономикалык аймагы инвесторлорго 176 гектар жерди 49 жылга ижарага берген. Азыркы тапта инвесторлор ижара акысынын 43 миллион сомун төлөгөн.

Борборду кура турчу инвестор — “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири “Нур Строй Монтаж” компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, ал эми кытай тараптан One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Инь.

2019-жылдын аягында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башы районуна барып индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. «Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90% биздин жарандарга берилет» — деген Премьер-министр.

Ал эми ишкер А. Салымбеков: “Байкашымча, курула турчу соода-логистикалык борбордун тегерегинде көп пикирлер айтылып, саясатташып кетиптир. Негизи, соода деген жакшы нерсе. Анын көзүн таап, мамлекеттин керегине жумшаса, экономикада өсүү кадимкидей байкалат. Анткени чоң-чоң суммадагы салыктар түшө баштайт, эл жумуш менен камсыз боло баштайт. Инвестор бул нерсенин баарын кылып берем деп жаткан турбайбы. Ат-Башыга ушундай нерсе курулат дегенде мен абдан сүйүндүм”- деген оюн билдирген.

Борбордо ири кампалар, бизнес-борборлор, өндүрүш ишканалары, жүк ташууга байланыштуу терминал, соода жана мейманкана комплекстери, коомдук тамактануучу жайлар, май куюучу жай, спорттук жана көңүл ачуу зоналары курулат. Ошондой эле бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу кызматтар болоору маалым болду. Бул боюнча документте, борбордун негизги багыттарынын бири текстилдик продукцияны, атамекендик товарларды өндүрүп, ЕАЭБ, Евробиримдик жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөргө экспорттоо деп жазылган.

Маалыматтарга таянсак, аталган борборду куруу 2020-жылдын февраль айында башталат. Ал эми ноябрь айында алгачкы объектилери ишке берилээри жазылган. Айрым депутаттар логистикалык борбордо алгач башка товарларды чогултуп сатып, андан соң өзүбүздүн товарларды өндүрүп, тигип, чыгарса болорун айтышты.

Учурда эл арасында талаш- тартыш болуп, 1000ден ашык адамдар катышкан митингдер кайра-кайра кайталанууда. Каршы тараптын пикиринде, Кытай элине жерибизди берсек, 49 жыл дегени менен жерибизди менчиктештирип алышат. Борбор курулса аба булганып, Ат-Башы эле эмес жалпы Кыргызстандын экологиясын бузат. Алар аталган борборду бийликте аты чыккан чиновниктер өздөрү курса деген ниеттерин билдиришти.

Логистикалык борбордун айланасындагы талаш-тартыштар өкмөткө карата сынды да күчөттү. Нарындын Ат-Башы районунда күн сайын уюштурулган митинг жана чогулуштарда өкмөттү таратуу талаптары да айтылууда. Андыктан өкмөттүн абалы да оор. Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат болуп, буга окшогон долбоорлору алып келбесе экономикалык көрсөткүчтөр начарлап, бирок инвестиция тартайын десе жергиликтүү элдин нааразычылыгына кабылып турган чагы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз