Воскресенье, 19 мая

Коронавирус жаныбарларга да жуга баштады

0

Кытайдын Гонконг шаарындагы адистер коронавирус адамдан жаныбарга жугушу мүмкүн экендигин айтышып, изилдөө жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Гонконгдун айыл чарба департаментинен кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, COVID-19 менен ооруган адамдын итинен коронавирус табылган. Ит жаныбарлар карантинге алынган жайга жиберилген. Кайрадан  текшерүүдөн өтөт.

Гонконгдо акыркы сутка ичинде эле 91 адамдан коронавирус табылган. Ал эми Кытай боюнча 327 адам ооруп, 44 адам каза тапкан. Жалпы 2788 адам көз жумса, 80 000 ге жакын адам оору менен күрөшүп келе жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз