Пятница, 20 сентября

Салык төлөбөгөн ири компания бюджетке 309 млн. сом которду

0

Салык төлөбөгөн ири компания бюджетке 309 млн. сом которду

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мурда өлкөбүздүн ири компанияларынын биринде салык төлөөдө кирешесин жашырган факты боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында республикалык бюджетке 309 084 757 сом түз которулду. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иш боюнча тиешелүү акыркы процессуалдык чечим кабыл алуу тууралуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз