Суббота, 21 сентября

Садыр Жапаровго боштондук берүүсүн талап кылган митингге К.Осмоналиев келди

0

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында митинг болуп жатат. Бийликке нааразы болгондор Садыр Жапаровду боштондукка чыгаруусун талап кылышууда. Учурда 800дөй адам чогулду.

Маалыматтарга таянсак, чагымчылдар окуяны өрчүтүүгө аракет кылышкан. Бирок аларды кууп чыгышты. Ошондой эле Жапаровдун тарапташтары журналисттерди дагы чагымчылдар катары эсептеп, иштерин үзгүлтүккө учуратууда.

Ала-Тоо аянтында электр энергиясы өчүп калган. Нааразычылыкка чыккандар бул бийлик тарабынан митинг өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракети катары көрүшүүдө.

Садыр Жапаровду колдоо үчүн парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жана Жылдызкан Жолдошева келди.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү”, “барымтага алуу” жана башка беренелер боюнча айыпталган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирген. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат тараткан.

Биринчи май райондук сот С.Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Биринчи инстанцияда 3 берене боюнча акталган, бирок туткунга алганы үчүн камалган. Шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз